• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоонун босого чеги төмөндөйт. Пара берип кармалгандар камакта калды

10 Бирдин айы 2020 19:56 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛООНУН БОСОГО ЧЕГИ ТҮШӨБҮ?
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда тогуз пайыз деген санды жети деген санга алмаштыруу, башкача айтканда парламентке шайлоо үчүн тогуз пайыздык чекти жети пайызга түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат.

НАРЫНДАГЫ ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР

Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплексин куруу пландалууда. Комплекстин курулушу үчүн 200 гектар жер бөлүнүп берилген. Анын курулушуна 7 жыл кетет.

НОГОЙБАЕВ КАМАКТА БОЛОТ
10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот.

МОТУЕВ КАЙРАДАН ҮЙЛӨНДҮ

Көмүр падышасы атыккан Нурлан Мотуев 22 жаштагы Айдаркул кызы Элнура аттуу кызга үйлөндү. Мотуев өзү тарткан видодо никесин кыйып жаткан учур тартылган.

КЫРГЫЗСТАНДА ВИРУС КАТТАЛГАН ЖОК
2020-жылдын 10-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

ЖААБАРС КӨРБӨЙ КАЛДЫ
Таласта кармалган ак илбирстин көрбөй калган көздөрүн дарылоого болбойт. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитова маалымдады.

Количество просмотров: 207