• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Сот блогерди актады. Эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажырайбы?

4 Бештин айы 2023 18:24 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАҢЫ УЧАК АЛЫНАБЫ?

Кыргызстандын мамлекеттик жогорку жетекчилеринин жана расмий делегацияларынын муктаждыктары үчүн Airbus 320, же Boeing 737 учагын сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин башчысы Данияр Бостонов «Манас» аэропортунда уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда расмий делегациялар колдонуп келе жаткан ТУ-154түн эскилиги жетти жана эл аралык талаптарга жооп бербейт.

«Менде «Туполев» конструктордук бюросунун КР президенти учкан ТУ-154тү колдонууну узартууну жокко чыгарган каты бар. Учак көп жыл мурда чыккандыктан аны колдонуунун мөөнөтү эчак бүткөн, учурда анын тетиктери дагы чыгарылбай калган», — деди Бостонов.

Ал Кыргызстандын президенти жана расмий делегациялары үчун сатып алына турган учак эл аралык талаптарга, техникалык коопсуздук мүнөздөмөлөрүнө жана ТУ-154 үлгүсүндөгү мүмкүнчүлүктөргө жооп бериши керектигин кошумчалады.

СОТ БЛОГЕРДИ АКТАДЫ

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды. Белгилей кетсек, буга чейин тагыраагы 27-ноябрда өткөн отурумда сот чечим чыгармак, бирок сот отурумду кийинкиге калтырган болчу. Ал эми бүгункү соттук отурумда блогерге карата сот өкум чыгарып, ал акталды.  

Белгилей кетсек,  16-ноябрда өтүп, анда тараптар жарыш сөзгө чыкка. Прокурор Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону соттон суранган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “ПолитУзник” баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

АЛМАЗБЕК ИСТАМБАЕВ АБАКТА КАЛДЫ

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

КЫЗДАРЫН САБАГАН КЕЛИНДИ ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТУУ СУНУШТАЛДЫ

Прокуратура Араван районунда эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында социалдык тармактарга эки жаштагы эгиз кыздарга карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап, анда энеси төшөккө заара ушаткандыгы үчүн эгиз кыздардын сабап, зомбулук көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Араван районунда болгондугу аныкталган.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Д.С. аттуу жаран кармалган. Кылмыш иши боюнча эгиз кыздардын энеси Д.С. карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасы (кайненеси) А.Х. аттуу жаранга карата 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат.

БИШКЕК МИЛИЦИЯСЫ 250 КЫЗДЫ КАРМАГАН

Бишкекте профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кыз кармалды. Алардын ичинен сегизинин жашы элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган фактылар милициянын электрондук журналына катталып, 160-берененин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде 10 кылмыш иши козголгон. Эки кылмыш иши боюнча шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, укук бузууларды жасагандыгы үчүн 11 кыз соттун чечими менен КР Укук бузуулар кодексинин беренелерине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылып, Бишкек ШИИББнын атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө 60тан ашык сауна, массаж бөлмөлөрү, мейманканалар аныкталып, администраторлор жана ээлери суракка чакырылып, кылмыш жоопкерчилиги эскертилген.

Ошондой эле, ар кандай мессенджерлерде мурда түзүлгөн топтор жана жамааттардын катышуучулары социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар экени аныкталган.

ЖАСАЛМА АКЧА САТКАНДАР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда жасалма акчаны жүгүртүүгө шектелип эки жаран кармалганын 4-декабрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар Түркияда жасалган АКШ долларын Өзбекстан жана Кыргызстанда жүгүртүүгө киргизип турушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын чөйрөсүн аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу үчүн иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 144