• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Созулган Солтон-Сарыдагы чыр

6 Баш оона 201918:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.

Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосуна жакын жайгашып, кен иштетип жаткан кытайлык компаниянын кызматкерлерин жергиликтүү эл тоодон кууп түшкөн. Окуя болгон жерге облустук милициянын жеке курамы толугу менен тартылган. Учурда Солтон-Сары кенинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү жүрүшөт. Жеринде калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар болсо кытайлык компания ишин токтотушун талап кылып жатышат.

Количество просмотров: 82