• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Судья Эрнис уулу Айбектин түбүнө педофил жетеби? Мандатты оюнчуктай таштаган депутаттар

9 Кулжа 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

Коронавирус: Акыркы абал

Кыргызстанда коронавирус жуккан 23 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Сапар Исаковго өкүм чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш ишин каралып, сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле сот 247 миллион 650 миң сом айыппул салды.

Судья Эрнис уулу Айбектин түбүнө педофил жетеби?

Бир нече күндөн бери 13 жашаар кызды зордуктоого шектүү адамды кое берген деп буга чейин бир катар чырлуу иштерде аты аталып келген судья Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү талабы айтылууда.  Буга чейин саясий чечимдерди чыгарды делип элдин сынына калган судья азыр зөөкүрдү актаган чечими коомчулуктун назарын бурду.

Мандатты оюнчуктай таштаган депутаттар

Быйыл Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү соңуна чыгат.  Ушул айдын аягында депутаттар каникулга тарашат. Бирок депутаттык мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз калганда бир топ эл өкүлдөрү мандаттарын тапшырып жаткандыгы тууралуу кененирээк алдыдагы материалда.

«Чоң Казатчылар» президентке кайрылышты

“Чоң Казат” кыймылынын мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдошту. Видео кайрылууда аталган кыймылдын мүчөлөрүнө карата укук коргоо органдары тараптан кысым болуп жатканы айтылат.

Количество просмотров: 291