• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сузакта кордолгон аял күйөөсүн эмнеге кечирди? Бишкекте чектөөлөр кайрадан киргизилиши мүмкүн

15 Кулжа 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 87 адамдан табылды анын 22си медицина кызматкерлери, алардын көбү Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу 15-июнда Саламаттыктык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

БИШКЕКТЕ 3-БАЗАР ЖАБЫЛДЫ
Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» базарынын ишмердүүлүгү санитардык нормалар жана эрежелер үчүн убактылуу токтотулду. Бул тууралуу токтомго борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон. Базарда санитардык чаралар күчөтүлүп, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

МИЛИЦИОНЕРЛЕР КОШУМЧА АКЫ АЛА ЭЛЕК Өзгөчө абал учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеген. Кошумча акы катары берилчү каражат милиция кызматкерлерине качан төлөнөт? Кененирээк алдыдагы материалда.

АБЫЛГАЗИЕВ ИШКЕ ЧЫГА ЭЛЕК
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча ишке чыга электигин анын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Абыцлгазиев 27-майда кыска мөөнөткө эмгек өргүү алган. Бул чечим байланыш тармагындагы коррупция боюнча иликтенип жаткан ишке басым жасап жатат деген кинеден алыс болуу үчүн кабыл алынган.

«АЛА ТВ» ЖЧКСЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ КАМАККА АЛЫНДЫ
Бишкекте «Ала ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды. Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, 13-июндагы соттун токтомуна ылайык, Артур Халдаровго карата камакка алуу чарасы колдонулуп, ал 12-июлга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 жайына киргизилген.

БАНК ТОНОГОНДОР КОЛГО ТҮШӨ ЭЛЕК
Бишкек шаарындагы Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банкты тоногондор кармала элек. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган иш боюнча эч кандай жаңы маалымат жок. Шектүүлөр изделүүдө.

АЯЛДАРГА ЗОМБУЛУК КҮЧӨДҮБҮ?

Коомчулукта аялдардын укуктары тууралуу ар кыл пикирлердин арты суюлбай келет. Кече эле күйөөсүнөн кордук көргөн аялдын окуясы кайрадан кыргыз коомун аң таң кылды. Ал эми аялын кордогон эркекке чыгарылган өкүм түрдүү пикирлерди жатартты. Кененирээк кийинки материалда…

Количество просмотров: 454