• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Күндүн ыргагы: Төрага Шакиевдин иниси кызмат алды. Акыйкатчы «чет элдик өкүл» долбоорун чакыртып алууну сунуштады

18 Теке 2023 18:32 Бишкек Govori.TV

АСКЕРДИК КЫЗМАТ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ӨЗГӨРДҮ

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет.

АКЫЙКАТЧЫ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР  МЫЙЗАМЫ ТУУРАЛУУ…

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы адам укуктары тууралуу эл аралык жана Конституциялык мыйзамдарды сактоо максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунан баш тартуу зарыл деп белгилеп, демилгечилерге мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгууга сунуш берген.

Мурдараак Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Ага алгач Нарматова баш болгон 33 депутат демилгечи болгон. Бирок, бир катар нааразы пикирлерден соң аталган мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартып, төрага Нурланбек Шакиевдин дерегине арыз беришкен. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

ТӨРАГАНЫН БИР ТУУГАНЫ АКИМ БОЛДУ

Жыргалбек Шакиев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин бир тууган иниси. Ал буга чейин Аксы жана Чүй районунун акими болуп иштеген.

44 жаштагы Жыргалбек Шакиев 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле ал “Бийкомпакт” ЖЧКсында директордун орун басары кызматын аркалаган.

Кошумчалай кетсек, буга чейинки аталган райондун акими Мураталы Тагаев кандай негизде иштен бошотулганы тууралуу маалымат берилген жок.

АБАКТАГЫ ЖАРАН ИШКЕРДИ АЛДАП КЕТКЕН

Ишкерди абакта жазасын өтөп жаткан жаран телефон аркылуу алдап кеткен кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт. Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду алдамчылар ээлеп алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жогорудагы алдамчылык фактыларына шектелип, Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран аныкталып, кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

ЫСЫК-КӨЛДҮН ТҮБҮНӨН ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.

«115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянт тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды»,-деп жазылат маалыматта.

Эс алуу жайларын атай кетсек «Ак-Бермет» , «Рахат», «Алтын-Көл», «Элинг», «Евразия» жана ден-соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды.

Количество просмотров: 222