• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ташиев Баткенде жыйын курду. «Кемпир-Абад» калсын деген эл жөө жүрүшкө чыкты

21 Тогуздун айы 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

КУЛАНАК ГЭСИНИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына капсула салып, курулушка старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса белгилеп, бүгүн капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке бериле турганын айтты.

Садыр Жапаровдун айтымында, курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. “Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз», — дейт президент.

Кошумчалангандай, Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат.

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын 88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилери белгиленет.

КЫШКА ДАЯРДЫК

Ушул жылдын 19-октябрында Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Анда төрага бир жыл ичинде бардык тармакта айлык маяналардын өскөнүн, мектеп, бала бакчалардын салынганын айтты.

Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тажик тараптын куралдуу агрессиясынан Баткенге келтирилген зыяндар, ыкчам көрүлгөн иш чаралар жана окуянын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар тууралуу баяндап берди.

Өкмөттүн берген баяндамасы эл өкүлдөрүн толук кандуу ынандырган жок. Анткени Баткенде келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүдө жана өлкөдөгү көмүрдүн жетишсиздиги өңдүү маселелер өз убагында чечилбегенин сынга алышты.

ӨЗГӨНДӨ ЖҮРҮШ ӨТТҮ

Бүгүн, 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүүдө. Социалдык тармактардын колдонуучулары жеринен бөлүшүп жаткан түз эфирдеги видеолордон колуна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!”, «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү» деген жазууларды, Кыргызстандын мамлекеттик туусун кармап алган ондогон адамдар көчө боюнда жөө баратышканын көрүүгө болот.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. 15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу айтып жатып талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт, ал эми Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан.

ТАШИЕВ БАТКЕНДЕ ЖЫЙЫН КУРДУ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. УКМКга караштуу Чек ара кызматынан кабарлагандай, жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан.

Ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин коюп, кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын айтты.

УЧАК КЫРСЫГЫ ИЛИКТЕНЕТ

Авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда учактын кулашын мекемелер аралык комиссия иликтейт. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңеште «Ишеним» фракциясынын жыйынында Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, кырсыктын кесепетин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.

20-октябрда, Чүйдө авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулап, эки адам жараат алганы кабарланган. Кырсык Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда болгон. Учактагы эки адамдын биринин абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги 21-октябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири — коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды.

Количество просмотров: 422