• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ташиевдин унаасы скутердеги кишини сүздү. Бөлтүрүк камакта калды

15 Аяк оона 2022 19:08 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстанда жүрөт.

Анын алкагында Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Өзбекстандын Самарканд шаарында жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Жапаров Орусияны Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бир экенин белгилеп, соода алакасында өсүш бар экенин айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, эки лидер эки тараптуу алаканы чыңдоону сүйлөшүшкөн. Эки тарап бири-бирин өз мамлекеттерине чакырышкан.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолугаары кабарланган.

Саммитке ШКУда байкоочу статусуна ээ болгон Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери да катышат. Андан сырткары Түркмөнстандын, Түркиянын, Армениянын жана Азербайжандын президенттери, бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилиги ардактуу конок катары келет.

ТАШИЕВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү.

Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айтты.

Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Маалымдалгандай, саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгон.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарланды.
Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

БӨЛТҮРҮКТҮН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин  жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып,  соттун чечими менен эки айга камалды.

 Сот залына алынып келинген Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин «акылга сыйбаган иш» деп баалады.

Башкы прокуратура буга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган.

АСКЕРЛЕРДИН ӨЛҮМҮ

Ушул жылдын 5-июлунда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, кокустуктан улам өзүн атып алып, көз жумганын айтышкан. 22 жаштагы Элдияр Жайлообековдун үй-бүлөсү кокустук тууралуу версияны четке кагып, жоокер кыйноого кабылышы мүмкүндүгүн айткан.

Арадан бир өтпөй бул окуя, башка аскердик бөлүктө кайталанып, 18-августта Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Сыргак Сабырбеков аттуу жоокер күзөттө турганда өзүн өзү атып каза болду деген маалымат айтылган. Маркумдун жакындары Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенишкен эмес.

ТАШИЕВДИН УНААСЫ КЫРСЫКТАДЫ

Фейсбук социалдык тармагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген Toyota Land Cruiser 300 унаасы аэропорт жолунда бара жаткан сүрөт, видео жарыяланды. Интернет колдонуучусу Хамидулло Узаковдун айтымында, унаа каршы тилкеге чыгып, скутер айдаган кишини сүзүп кеткен.

Ал эми Кайгуул кызматына аталган факты боюнча нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшпөгөнүн билдирген.

Коомчулукта жаралган бир катар талкуулардан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчыбек Ташиевге таандык кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Манас” аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. “Трассада Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен. Окуянын катышуучулары бул жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти. Жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаттар ​​бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирди” деп айтылат маалыматта.

БАЛБАНДАР МЕКЕНИНЕ КЕЛИШТИ

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келди. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын жана машыктыруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, балбандардын тууган-жакындары, күйөрман-колдоочулар салтанаттуу тосуп алышты.

Өз кезегинде Дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды камсыз кылган балбандар аларды тосуп келген күйөрмандарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Количество просмотров: 141