• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Күндүн ыргагы: Тажикстандын агрессиясы боюнча кылмыш иши козголду. Аза күтүү күнүндө президент жашыды

19 Аяк оона 2022 19:07 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА: БИЙЛИК КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз-тажик чек арадагы куралдуу кагылышууда курман болгондорго байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда чек арасындагы  куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.  Ал өз кайрылуусун чек арадагы салгылашууда жан берген аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтуу менен баштады.

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар экенин белгилеген президент жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетерин кошумчалады.

Ал эми учурда Баткенде жүргөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок оор экенин билдирди. Анын айтымында, кырдаал оор жана стабилдүү, бирок, бүгүнкү күндө “толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айтуу эрте.  

Маалыматтарга ылайык, Баткенде алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган. Анын ичинде социалдык объекттер, аскердик казармалар, жеке турак-жайлар бар. Учурда дагы тактоо иштери жүруп жатат.

ТАЖИКСТАНДЫН КОЛ САЛУУСУ

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов журналисттерге маалымат жыйын куруп, чек арадагы окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп баалады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө топ иштеп жатат. Ошондой эле Марат Иманкулов өз сөзүндө тажик тараптан кол салгандардын арасында афган жарандары, экстремисттер болгонун билдирип, алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 59 кыргызстандык каза болуп, 150дөй адам түрдүү жаракаттарды алса, миңдеген жарандар үй-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси («Тынчтыкка каршы кылмыштар») менен кылмыш иши козголду» деп билдирди. Баткен облусунда мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзөрү кабарланды. Тергөө тобунун курамына Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Башкы прокуратуранын, Аскер прокуратурасынын, жергиликтүү бийликтен өкүлдөр кирген. Аталган топ куралдуу кол салуудан жабыркаган айылдарда ишин баштады. Учурда ок атышууда жабыркаган турак үйлөргө жана соода-сатык түйүндөрүнө, жалпы он беш обьектини карап, чыгымды аныктап жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ДЕПУТАТТАР КАН БЕРДИ
Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар жана Аппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат берди.

Белгилүү болгондой, эл өкүлдөрү Бишкектеги Республикалык кан борборуна барышкан эмек. Алардан кан алуу үчүн дарыгерлер тобу Жогорку Кеңештин имаратына келишкен.

Буга чейин аталган өнөктүккө Ош шаарында иш алып барып жаткан депутаттар да кошулуп, донор болушкан.

Эске салсак, чек ара жаңжалынан жабыркагандарга кан берүүнү каалаган жарандар көп болуп жатканына байланыштуу Бишкектеги Республикалык кан борбору дем алыш күндөрү да штаттык режимде иштеп жаткан. Чыр чыккандан бери жабыркагандарга кан берүү үчүн күнүнө 500дөй адам келип жаткан.

КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН АЙЛЫГЫ КӨБӨЙӨТ

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматында, укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-октябрдан тарта көбөйөт.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда кол койду.
«2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жылдык эмгек акы фондунун 80% чейин жогоруласын», — деп жазылган жарлыкта.
Маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү боюнча Кыргызстанда өтө жакыр жашагандар 2020-жылы 25,3% болсо, 2021-жылы 33% чейин өскөн. 

МОТУЕВ САБАЛДЫ

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевге кол көтөргөндөр анын Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 32 миң сом накталай акчсын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 18-сентябрь күнү саат 12:30дар чамасында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук мечиттин алдында болгон. Анда белгисиз жарандар Мотуевге эч себепсиз кол көтөрүшкөн.

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарында белгисиз адамдар мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевди сабап кетишкенидиги тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Окуяга күбө болгондор учурду видеого тартып үлгүргөн эмес.

Количество просмотров: 365