• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Токтогулдун мэри баласы менен кармалды. Жекшеналиевге бүгүн да өкүм чаккан жок

27 Жетинин айы 2023 18:27 Бишкек Govori.TV

САНАТОРИЙ-КУРОРТТОР ИШ БАШКАРМАЛЫККА БЕРИЛДИ

Президент Садыр Жапаров «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Анда 2028-жылга чейин Кесиптик кошуундар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилери жазылган.

Кошумчалангандай, фондго түшкөн каражат санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Андан тышкары Кесиптик кошуундар федерациясына ушул жылдын аягына чейин алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин баарын Президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталды. Алардын тизмеси бир жумада такталат.

БЛОГЕРДИН СОТУ ӨТТҮ

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды. Бүгүнкү жараянда сот өкүм чыгармак, бирок отурум 4-декабрь 16:30га белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейинки отурум 16-ноябрда өтүп, анда тараптар жарыш сөзгө чыкка. Прокурор Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону соттон суранган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “ПолитУзник” баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

ТОКТОГУЛ МЭРИ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурган, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы кварц кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурганы аныкталган. 2022-жылы Эркин Тойгонбаев кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, кендин ээсине кварцты чогуу иштетүү сунушун берген. Бирок ал баш тартканда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Чыңгыз Жумагуловдун Токтогул шаарындагы өкүлү болом деген дагы бир адам менен ишкерди коркутуп, компаниянын 50% үлүшүн уулуна каттатып коюшкан.

Кварц мыйзамсыз казылганы, Токтогул шаарынын мэри түшкөн кирешени уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен бирге алып турганы такталган. Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОШ ОИИБ ЖЕТЕКЧИСИ ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алар буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодон улам жумуштан алынган. Интернетке жарыяланган видеодо мас абалындагы эки киши көчөдө бири-бирин жөлөп-таяп басып баратканы, кийимдери кан экенин көрүүгө болот. Алар Ош облустук милициясынын кызматкерлери экени айтылган.

Окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгону такталып, бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп Ош облустук милициясынын кызматкерлери пикир келишпестиктен улам мушташканын аныктаган. ИИМ бул окуя боюнча юридикалык баа берилерин кошумчалады.

ИНТИМДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТКӨН ЖАЙЛАР АНЫКТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кабарлагандай, кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын тармагы аныкталып, бөгөт коюлду.

26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде сойкуканалардын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (“Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 386