• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Күндүн ыргагы: Тууну өзгөртүүгө добуш бербеген депутаттар актанды. Шакиев кесиптештерин зекиди

21 Бештин айы 202318:41 Бишкек Govori.TV

 “ТОРУГАРТ-2” БЕКЕТИ ЖАҢЫЛАНДЫ

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү бекети жаңыланды. 21-декабрда анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңыланган бекетте алты кыймыл тилкеси бар, жабык ангарлар орнотулган. Бул жайда бир учурда алты автоунааны бажы көзөмөлүнөн өткөрүүгө болот.

Учурда ал аймактагы эски имараттардын ордуна кошумча автоунаа токтотуучу жайларды ачып, өткөрүү бекетинин аймагында каттам үчүн шарт түзүлүп жатканы айтылат.

Мындан тышкары “Торугарттагы” чек арачылардын жатаканасы да жаңыланган. Маалыматка караганда, “Торугарт-2” өткөрмө бекети 2010-2018-жылдары Кытайдын колдоосу менен курулган.

“Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш өтө чукул, объекттер ыңгайсыз жайгашкан, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. «Торугарт 2» комплекси реконструкциялоого муктаж. Көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган техникалык жабдуу азыркы түзүлгөн кырдаалга туура келбей турганы, анткени иштеп жаткан текшерүү комплексинин кубаттуулугу саатына 20-25 автоунааны өткөрө алат, бирок «Торугарт» шартында саатына 15тен ашык унааны текшерүү мүмкүн эмес экени белгиленди”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-кытай чек арасында «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери бар.

ТУУГА ДОБУШ БЕРБЕЙ КАЛГАН ДЕПУТАТТАР АКТАНДЫ

Бүгүн, 21-декабрдагы ЖКнын жалпы жыйынында кечээ тууну өзгөртүүдө добуш бербеген депутаттар сөз алып, долбоорду колдой турганын айтышты.

Депутаттар кечээ добуш берүүгө эмне себептен катыша албай калганын айтышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алган. Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Нурланбек Шакиев жана Улан Примов. 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, катуу талаш жаралууда.

ТӨРАГА МЕНЕН ДЕПУТАТ АЙТЫША КЕТТИ

Жогорку Кеңеш 21-декабрдагы жалпы отурумунда бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берди. Анын ичинде “Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окуудан добушка коюлду. Талкуу учурунда депутаттар Надира Нарматова менен Камила Талиева мыйзам долбоорунун аталышын сындап чыкты.

Депутат Нарматова араб тилинен алынган «вакуф» деген сөздү кыргызча «мурас» деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылды.

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды мыйзам долбоорунун аталышына эмес, концепциясына баа берүүгө чакырып, кыргыз тилинде арабчадан кирген көп сөз колдонулуп жатканын мисал келтирди.

Демилгечи депутат Мирлан Маматалиевдин айтымында, “Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргызстанда менчик мүлктү кайрымдуулук максатта иштетүү ишмердүүлүгүн тескейт.

КОРГОНБАЙ УУЛУ СОТ АДИЛЕТТИГИ КЕҢЕШИНЕ МҮЧӨ БОЛДУ

Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 21-декабрда болуп өттү. Ага талапкерлигин эки депутат: «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Мейкинбек Абдалиев жана «Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү Жусупбек Коргонбай уулу коюшту.
Добуш берүү жабык өтүп, 71 депутаттын добушу менен Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңештин атынан шайланды.

Депутат кесиптештерине ишеничи үчүн ыраазылыгын билдирип, Мекен, адилеттик жана акыйкаттык үчүн салым кошууга даяр экенин айтты. Сот адилеттиги кеңешинин курамында буга чейин Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынан Русланбек Жакышов мүчө болчу. Ал 13-декабрда өз каалоосу менен кеткен.

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Конституцияга ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялдуу орган.

Кеңештин негизги милдети Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун бош кызмат орундарына талапкерлерди тандап, аларды дайындоого сунуштайт.

Количество просмотров: 395