• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Убактым аз калды” деген Ташиев эмнени айткысы келди? Кызын зордуктаган жаран өмүр бою кесилди

25 Бугу 2023 19:08 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИКТИ СЫНДАДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишин сынга алды. Ал министрликтин иштөө темпи төмөндөп кеткенине көңүл бурду.

Анын айтымында, өткөн жылы чоң иштер жасалган. “Май айында эле 25,8 чакырым жол салынган. Быйыл болсо каржылоо 1,2 миллиард сомго көбөйгөнүнө карабастан 24,5 чакырым гана жол бүттү», — деген өкмөт башчы сентябрь айында министрликтин ишине баа бериле турганын айтты.

Эске салсак, кечээ, 24-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин толугу менен кайра карап чыгуу керектиги, ага сентябрь айында тиешелүү баа берилери айткан. Жапаров бул тармак дээрлик бардык багыттарда «артта калып жатканын» белгилеген.

Ал ошондой эле министрликтин Орусиянын Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизген чектөөлөрүн алып салуу боюнча ишин сынга алган.

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мыйзам бузгандарга карата мындан ары катуу чара көрүлөөрүн билдирген. Ал өз кайрылуусунда коррупция менен күрөштү 3 этапка бөлүшкөнүн азыр биринчи гана баскычы бүткөнүн жазды.

 “Мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар! Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын! Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз! Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!!!”, — деп жазат ал.

Мындан улам Кыргызстанда  коррупция менен күрөш кандай жүрүп жатат? деген суроо менен  эл өкүлдөрүнө кайрылдык.

Белгилей кетсек, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлорго экономикалык мунапыс жарыялаган. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган. Күрөштүн алкагында мурунку жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгууда.

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

 Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Алсак, депутат Акбөкөн Таштанбеков жер-жерлерде президент жарыялаган жер мунапысы боюнча жергиликтүү бийлик органдары тарабынан саботаж болуп жатат деген пикирин билдирди. Ал эми депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө катышкан ишкерлер акчасын ала албай жатканын айтты. Эл өкүлү 30дан ашуун ишкердин кайрылуусу Жогорку Кеңештин төрагасына жана тийиштүү комитетке келип түшкөнүн парламенттин 25-майдагы жыйынында билдирди.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Надира Нарматова аскерде кызмат өтөй элек кыргызстандык жаштарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, чет өлкөгө чыккан жаш курагында чыккан жарандар ар кандай кыйынчылыктарга туш болушат.

Буга чейин Надира Нарматова 23 жашка чыга элек кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну сунуштаганы маалымдалган.

 “КЫРГЫЗАВТОЖОЛДОН” МИЛЛИОНДОР КЫМЫРЫЛГАН

“Кыргызавтожол” ишканасынын жетекчилиги 10 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып «Е.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө менен мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуп, 2020-2022-жылдар аралыгында ишканага бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которуп жиберишкен.

Бирок, көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары, ишкана салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен мамлекетке киреше болучу кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 10 млн 263 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Козголгон иштердин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАН ЖАРАНГА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыккан.  Жактоочунун маалыматына ылайык, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти.

“Тергөө мезгилинде 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди”, — деп билдирген ал.

Эске салсак, 43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Количество просмотров: 333