• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК салыкчыларды кармады. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар абакта калды

17 Чын куран 2023 19:17 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга токтолду. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин айтканы менен, иш жай жүрүп жатканын белгиледи.
“Өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, «бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели» деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, — дейт Жапаров.
Ал эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору бир нече жолу жолугушуу өткөрүшкөн.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган журналист Айданбек Акматов, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчы Бектур Асанов, активист Али Шабдандын бөгөт чарасын карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды.

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасын кароо эртенкиге жылдырылды.

Абакта дагы эки айга калтырылган саясатчы Бектур Асанов  эч кандай тергөө болгогонун айтып, бийликке кайрылуу жолдоду.

Эске салсак, 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаеваны, активист Чыңгыз Капаровду, Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Улукбек Маматаевди жана Таалайбек Мадеминовду үй камагына чыгарган.

Ал эми Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылса, бул иштен улам камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

Өткөн жылдын октябрь айында оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган. Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

САЛЫКЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматынын он кызматкерине коррупция айыбы тагылып, камакка алынганын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар ишкерлер менен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашкан салыгын атайылап төмөндөтүп жазганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Сот салык кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, баарын тең камакка алуу чечимин кабыл алды.

УКМК учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди. Өкмөт өлкөдөгү көмүскө экономиканы азайтуу жана ишкерлердин ачык-айкын иштеши үчүн салык эрежелерин өзгөрткөн. Кассалык-көзөмөл машиналардын жана товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн ишке киргизүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясына чыккандар да болгон.

Кыргыз өкмөтү электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирүүдө. Былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.

ОКУУЧУЛАР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бишкек мэриясына Абдылда Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын эмгек жамаатынан, Бишкек шаардык прокуратурасынан жана шаардык кеңештин депутаттарынан кайрылуу түшүп, анын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мектептин ишин текшерген учурда одоно мыйзам бузууларды аныктаган.Мындан улам, Бишкек шаардык мэриясы шаардагы интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында №1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатка кошуп, «Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси» аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алган.

Мындай жагдай аталган мектепте билим алган ата энелердин нараазычылыгын жаратып, окуучулардын катышуусундагы митинг өттү. Алар Каниметов мектебинин директору Нургүл Матканованын ордунда калуусун талап кылышууда. Анткени Матканова жетектеген убакытта мектептин чарбалык иштери кыйла жогорулаган.

ТӨӨ-АШУУ ЖАБЫЛДЫ

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 17-апрелде саат 14.30дан тартып жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилгенин кабарлады. Буга байланыштуу кошумча маалымат аздан соң берилерин билдирди.

Аталган министрлик бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө коюлганын кабарлаган. Учурда Сосновканын жанындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат.
Учурда өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон уруп жатат. Кар, борошодон улам Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 16-17-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 

ОРОЗО АЙТ 21-АПРЕЛДЕ БОЛОТ

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт 21-апрелде болорун билдирди. Ошондой эле бул айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болушу ыктымалдыгын эскертти.
«Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Муфтият 2023-жылдын 21-апрелин, жума күндү Орозо айт майрамы деп белгиледи»,-деп жазылган маалыматта.
Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Орозо 23-мартта башталган жана мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 90