• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ыдырыс Исаков сабалды. Орусиянын кара тизмесинде канча кыргызстандык бар?

12 Кулжа 2023 18:42 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТОКАЕВГЕ КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Кошумчалай кетсек, Казакстанда 12-июнь – Абай облусундагы өрттө каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыяланды.  11-июнда Казакстандын Экология министрлиги өзгөчө коргоого алынган «Семей токоюндагы» өрттө каза болгон токойчулардын аты-жөнүн жарыялаган, тизмеде 14 киши, анын ичинде бир аялдын ысымы бар.

Өрт чалган аймактын жалпы аянты 60 гектардан ашуун. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн аянтынын чоң болгону, аба ырайынын ысыктыгы жана шамал аны өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө. Өрттү өчүрүүгө 1500гө жакын адам жана 290дон ашык техника тартылган. Өрт башталгандан бери абадан 486 жолу жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын суу чачылган.

45 МИҢ ЖАРАН КАРА ТИЗМЕДЕН ЧЫКТЫ

Быйыл май айында Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, учурда министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүндө төрт милиция кызматкери иштейт. Алар демөөрчүлөр берген имаратты кеңсе катары колдонот жана мамлекет алардын батирлери үчүн 70-100 миң сом бөлүп берет.

Министрдин орун басарынын айтымында, министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин көбөйтүү боюнча жарлыктын долбоору каржы маселесинен улам токтоп турат.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

ЖУРНАЛИСТ САБАЛДЫ

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковго «Ош» пансионатынын мурунку жетекчиси съемка учурунда кол көтөрдү. Бул тууралуу журналист өзү социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады. Исаков «Ош» пансионатынын менчиктештирилип кеткен мүлктөрү тууралуу иликтөө жасап жаткан. Бир канча суроону тактоо үчүн барган журналисттен пансионаттын мурдагы директору уруксат кагаз сурап, жаакка чаап, бетке муштап жиберген.

Бул арада Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны териштирип жатканын билдирди. Журналист Исаковдун алган жаракатын аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалып, кол көтөргөн жаран  Ак-Буура милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Журналистке кол көтөрүү фактысы коомчулукта талкуу жаратууда.

Медиа эксперт Өмүрбек Сатаев акыркы учурларда сөз эркиндигине басым болуп жатканын белгилеп, буларга токтолду.

Кошумчалай кетсек, Ыдырыс Исаков буга чейин “Азаттыкта” эмгектенген. Азыркы учурда Ютуб порталында канал ачып, иликтөөлөрдү жасап келет.

БОТАНИКАЛЫК БАКТА ӨСПҮРҮМ БЫЧАКТАЛДЫ

Бишкектеги Ботаникалык бакта өспүрүм бычакталып, алган жараатынан улам көз жумган. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, 9-июнда милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, Шопен көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бакта анын баласына бычак сайган жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

«Аталган факт боюнча райондук милициянын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш кодексинин 130- беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 16 жаштагы А.Р. кармалып, ага карата Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электрдин түзөтүү мекемесинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

СУУ ТАРТЫШТЫГЫ

Бишкекте сугат суусунун тартышыгы боюнча абал жакшырууда. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, күндүн ысышынан улам мөңгүлөр эрип, шаардын айланасындагы дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Мындан улам суу алуучу бассейндердеги суунун көлөмү көбөйүп, насос менен сууну сугат каналдарына бөлүштүрүү жеңилдеп калды.

Количество просмотров: 148