• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ыктыячылар Кыргызстанды бириктирди. Аткаминер айып төлөп абактан кутулду

21 Аяк оона 2022 19:05 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БУУДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.  Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышууда.  

Анын алкагында президент Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.  Ошондой эле Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, БУУ Өнүктүрүү программасынын Администратору Аким Штайнер жана  БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушууларды өткөрдү.

Белгилей кетсек, Жапаров кечээ, 20-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, чек ара маселесин көтөрдү. Ал Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады деп билдирди.

Эске салсак, 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады.

ЫКТЫЯРЧЫЛАР КӨРСӨТКӨН КӨМӨК

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында кайдыгер эмес жарандар жана бийлик тарабынан чек арада жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу үчүн борборлоштурулган пункт ачылган. Гумжардамды бөлүштүрүп жүктөөгө өтө көп сандаган ыктыячылар тартылды. Алардын бири 19 жаштагы Салман Абдиназаров. Өз ыктыяры менен колдон келген жардамын көрсөтүп жаткан чагы.  Дал ушул ыктыярчылардын жардамы менен гумжардамдын биринчи партиясы Кыргызстандын түштүгүнө 16-сентябрь түнү эле жөнөтүлгөн. » Баткенге жардам» штабы ишке киргенден бери дээрлик 3 миңдей ыктыярчы күн-түн дебей жигердүү иш алып барууда. Алардын ат көтөгүс эмгеги бар.

МААЛЫМАТТЫК СОГУШТА ЭРКИН РЕДАКЦИЯЛАР ТААСИРДҮҮЛҮГҮН КӨРСӨТТҮ

Тажик тараптын агрессиялуу куралдуу кол салуусуна байланыштуу маалыматтык согушта Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын утушка салган салымы чоң болду.

Ал эми мамлекттин расмий каналдыры окуяны чагылдырууда өздөрүнүн милдетин так аткара алган жок.

ТЕМИРОВГО 5 ЖЫЛ ЖАЗА СУРАЛДЫ

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн 21-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту тараптардын жарыш сөзү менен уланды.

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылды. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин айтты.

Өз сөзүндө Болот Темиров күнөөсү жок экенин айтып, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгиледи.

Сот 22-сентябрда уланат. Анда айыпталуучу тараптын дагы бир адвокатына сөз берилип, чечим чыгаруу жараяны башталат.

АБДРАИМОВ АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Сот БШКнын мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов 2 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Туйгунаалы Абдраимов КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Абдраимов «БШКны жетектеп турган учурда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык «Кайнар» ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган» деп айыпталган.  Ал 30-апрелде кармалган. Сот чечими менен 30-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген. Мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп бергендиктен Абдраимов үй камагына чыгарылганы маалымдалган.

Количество просмотров: 1163