• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ыктыярчыларды Президент чакырды. COVID азайып баратабы?

20 Теке 2020 22:31 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 611 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан пневмонияны эсепке алганда, жалпы 781 жаран айыкты. Каратаевдин  айтымында, өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 13 миң 109 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан 34 адам көз жумду. 

ЖЭЭНБЕКОВ ЫКТЫЯРЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 21-июль күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолугат. Жолугушуудан Кыргызсандагы оор кырдаалда активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекетке, дарыгерлерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар өлкөдөгү чыныгы эпидемиологиялык абалды, аны менен болгон күрөш жөнүндө ачык айтып беришет.
Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга чакырылгандардын катарында Нуриля Чолпонбаева, Урмат Насыкулов, Эркин Рыскулбеков жана башкалар бар. Жалпы 15 ыктыярчы чакырылган.
Президенттин пресс-кызматы билдиргендей, ыктыярчы кыймылынын активисттеринин саны өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чектелген. Ыктыярчылардын айтымдарына караганда, жолугушуу учурундагы талкууда темалар жана суроолор боюнча эч кандай чектөөлөр болгон жок. Алар Сооронбай Жээнбековго элди сактап калуу үчүн белгилүү иш-аракеттерди көрүүнү, көрсөтүлгөн жардамдар жана кемчиликтер жөнүндө айтып берүүнү ниет кылышууда.

СТАЦИОНАРЛАРГА КАЙРЫЛГАНДАР АЗАЙЫП БАШТАДЫ

Бишкектеги стационарларга кайрылгандардын саны күн сайын азайып жатат. Бул тууралуу мэрия бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. «Акыркы суткада стационарларга 3 миң 489 киши кайрылып, тамчылатма укол, тийиштүү кеңеш алышты. Кайрылгандардын ичинен дагы 16 киши ооруканага жаткырылган. Түнкү үч стационар 665 кишини кабыл алды. Болгону бир бейтап гана ооруканага жаткырылды. Адам өлүмү катталган эмес», — деп айтылат билдирүүдө. 19-июлга карата жалпысынан күндүзгү дарыланууга 57 миң 725 киши тартылган. Алардан 38 миң 333 сыркоо тамчылатма укол алса, 14 миң 103 жаранга тийиштүү кеңеш берилген. 279 бейтап ооруканага жаткырылган.

ЖОЖДОРГО ОНЛАЙН КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Бүгүндөн баштап, жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды.  Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, абитуриенттер министрликтин сайтындагы системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Аталган сайт Жалпы республикалык тесттин сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүүнү толугу менен автоматташтырат.

БИР АПТАДА 39 АЙДООЧУ МАС АБАЛЫНДА КАРМАЛДЫ

Бир апта ичинде бишкек шаарында 539 жол эрежесин бузуу учуру катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 169 унаа айып аянтчасына коюлган – алардын ичинен 79 унаа эвакуатор менен чыгарылган.
Бир жума ичинде катталган жол эреже бузуулар: мас абалында унаа айдап кармалгандар – 39 айдоочу; алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алгандар – 4 айдоочу; айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар – 21 айдоочу; башка жол эреже бузуулар – 475.

ВЕЛОСПОРТЧУЛАРДЫ СҮЗГӨН АЙДООЧУ КАМАЛДЫ

Велосипед тээп бара жаткан эки адамды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында Т.Ж. 2 ай камакта болот. Эске салсак, 30-июнда саат 10:00 чамасында Бишкек—«Манас» аэропорту унаа жолунун 12-чакырымында Т.Ж.нын башкаруусундагы «Ауди» унаасы эки велосипедчен адамды сүзүп, экөө тең каза болгон. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Количество просмотров: 582