• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ыш, тыгын, суу… Бул кейпи менен Бишкек чоң айылга айланабы?

8 Кулжа 2023 19:53 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ФОРУМДА СУУ МАСЕЛЕСИН КӨТӨРДҮ

Бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Астана эл аралык форумунда суу маселесин көтөрүп, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери мөңгүлөрдүн эриши, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келип, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жараткандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында эи тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ал эми форум болсо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

СУУ ТАРТЫШТЫГЫ

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, өкмөт мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы таза суу тартыштыгы жетекчилигине кесипкөй адистер келбегенинен пайда болуп жатканын айтты.

Эл өкүлү Жанар Акаев Асман шаарын коё туруп, ага жумшала турчу каражатты Бишкекке жумшоо керектигин билдирди. Анын айтымында, борбор калааны туташ көйгөйлөр каптады.

Бишкек шаарында суу тартыштыгы күч алып, элдин нааразычылыгы айтылууда. «Бишкексууканал» ишканасы 6-июнда калаанын түштүк бөлүгүнө түнкү убакытта таза суу берүүнү токтотуп турууга мажбур болуп атышканын кабарлады. Өткөн жумада борбордо суунун тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган.

КУРУЛТАЙ МЫЙЗАМЫ ЭКИНЧИ ОКУУДА ЖАКТЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Президент тарабынан демилгеленген «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев аткарылган иштер боюнча маалымат берип, беренелердин саны 22ден 15ке чейин кыскартылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга каршы чыкты. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев тармактык комитеттин жүрүшүндө делегаттар Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун мөөнөтүнө шайланат деген чечим кабыл алынганын эске салды.

Муну менен катар эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Элдик Курултайга 700 делегат шайланары тууралуу сөз кылып, гендердик маселелерге токтолду.

АСАНОВДУН ИШИ БОЮНЧА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 8-июнда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон иштер боюнча акыркы отурум болуп, өкүм чыкты. Соттун чечими менен Асановдун өзүнө жана ага байланышы бар деген бир нече адамга коюлган үч айыптын экөө боюнча баары акталып, ал эми бирөө боюнча айыптуу деп табылышкан.

Жактоочунун айтымында, Пайзылда уулу Дамирбек акталды. Мухаммедали Асанов акталды толук, ал атасына жардам берди деп айтылып жаткан. Курсан Асанов кызматкерлерди жумушка алганы жана пакет тууралуу эки эпизод боюнча акталды. Ал эми Разаков боюнча Асановго да, Бейшенбековго да айыптоо өкүмү чыкты, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазасыз калтырылды.

Башкы прокуратура Асановго үч иш козголгонун, алар Биринчи Май райондук сотунда бириктирилип каралып жатканын 2020-жылдын февраль айында маалымдаган.

Курсан Асанов 2019-жылдын 13-августунда кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылган жана ишенимди жоготкондугу үчүн ээлеген кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Аскердик прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун өтүнүчү менен материалдар менен бириктирилген. Ал Курсан Асановго жана «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго чара көрүүнү суранган.

 “КЫРГЫЗКӨМҮРДҮН” БАЛЫКЧЫ ФИЛИАЛЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯ…

«Ысык-Көл пароходствосунун» Балыкчы филиалында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип директордун орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ЖЭБна жеткирүү учурунда көмүр уурдоо туралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл пароходствосунун Балыкчы филиалында түзүлгөн туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Ысык-Көл пароходствосу» филиалынын станциясынан Бишкек шаарындагы ЖЭБна чейин, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда темир жол транспорту менен ташууда катуу отундун коромжусун эсептен чыгаруу жолу менен көмүр сатуу фактылары аныкталган.

Алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, аталган бөлүмдө 2021-2023-жылдар аралыгында 18 млн 995 миң сомго бааланган көмүр тартыштыгы байкалган.

Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган.

7-июнунда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 127