• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өз баласын аёосуз сабаган ата. Чоң-Арыкта 4 дарыгер коронавирус жуктурду

17 Чын куран 2020 19:28 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 23 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Үсөнбаевдин айтымында сутка ичинде дагы 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары учурда коронавирус жуктурган 13 бейтаптын абалы оор ал эми анын төртөө реанимацияда жатканын кошумчалады. Ошондой эле 17-апрелге караты таажы илдеинен айгып бейтапканадан 23 адам чыгарылган. Кошумчалай кетсек, акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн 78 миң 277ни түздү. Алардын 525 миң 216сы айыкса, каза болгондордун саны 138 миң 101 адамды түздү.

COVID-19: ЧОҢ-АРЫКТАГЫ БЕЙТАПКАНА ЖАБЫЛДЫ

Чүй облусундагы №17 үйбүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, бейтапкана жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, аталган Үйбүлөлүк дарыгерлер борбору Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында жайгашкан.

ТҮРКИЯДАН 212 ЖАРАН МЕКЕНИНЕ КАЙТТЫ

Бүгүн, 17-апрелде Түркиядан учуп келген кыргызстандыктар дароо «Ак-Кеме» мейманканасында уюштурулган обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, Стамбулдан 212 жүргүнчүнү алып келе жаткан учак Бишкекке  түштөн кийин конду. Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, азыркы тапта дагы 4371, анын арасында Түркиядан 487 адам келе албай жатканын билдирген.

БАЛАСЫН АЕОСУЗ САБАГАН АТАНЫН ӨЗДҮГҮ ТАКТАЛДЫ

Бөлмөнүн ичинде баласын сабап, темир таяк менен чапкылаган кишинин өздүгү такталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү аны кармоо иштерин жүргүзүп жатышат.Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери видеодо өзүнүн баласын сабап жаткан адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган 35 жаштагы Ж.Э. экенин такташкан. Ал жубайы (33 жашта) жана үй-бүлөсү менен бирге 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкени аныкталган. Эске салсак, буга чейин интернетте кичинекей баланы сабап жаткан адамдын видеосу тараган. Андагы маалыматтар боюнча кол көтөрүп жаткан адам баланын атасы экени айтылган.

БИШКЕКТЕ МИЛИЦИЯНЫ УНАА СУЗДҮ

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин унаа сүздү. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 12:40 чамасында Салиева жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде фильтрациялык посттун жанында болгон. Комендатуранын маалыматы боюнча, «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу милиция кызматкеринин талабына баш бербей, аны сүзгөн. Андан кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жеткирилди. Учурда шектүүнү издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Количество просмотров: 1535