• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жанкечти тууралуу маалымат тараткан жигит кармалды. Бишкектеги митингде чыр чыкты

25 Бирдин айы 2020 20:49 Бишкек Govori.TV

ТЕРАКТ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ТАРАТКАН ЖИГИТ КАРМАЛДЫ
Социалдык тармакта теракт тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. бул туурасында УКМКдан билдиришти.


АСКАРОВДУН ИШИН КАРОО 6-АПРЕЛДЕ УЛАНАТ
Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга бүгүнкү отурумда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду.


КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫНДАГЫ ШЕКТҮҮЛӨРГӨ АЙЫПТОО АКТЫСЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандарга айыптоо актылары расмий тапшырылганын билдирди.


МИТИНГДЕН ЧЫККАН ЖАҢЖАЛ
Бүгүн Профсоюзчулар кайрадан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына тынчтык митингине чыгышкан. Чогулгандар Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматынан кетишин талап кылышууда.


КОРОНАВИРУСТУ АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ
Жапония, Түштүк Корея, Ирандан тышкары Италия жана башка оору күч алган мамлекеттерден келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алына баштады.


УЛУТТУК БАНК ЭСЕПТИК ЧЕН ӨЛЧӨМҮН ЖОГОРУЛАТТЫ
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 0,75 пайыздык пунктта жогорулатты. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.


БАЛБАН ЖОЛДОШБЕКОВ ЖАРАКАТ АЛДЫ
Кыргызстандык Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.«Турнир учурунда кыргызстандык балбан жаракат алды. Спортчуга медициналык тейлөө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен камсыздалып жатат.

Количество просмотров: 374