• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Белорусияга барат. Көлбаевдин унаалары сатыкка коюлду

21 Жетинин айы 2023 18:46 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БЕЛОРУСКА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сессия Беларусь президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Беларустун уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Казакстандын 2024-жылы боло турган төрагалыгынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматты угушат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

ЧЕК АРАДАГЫ УНААЛАР КЕЗЕГИ

Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда.

КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, 21-ноябрь, саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат.

Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген.

«Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

288 БАТИР МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ АГЕНТТИГИНЕ ӨТӨТ

Жалпы аянты 15 062 чарчы метрди түзгөн 288 батир Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлөт. Жалпысынан 616 млн 85,6 миң сомго бааланган бул батирлер «Артис Глобал Ко ЛТД» жана «Кыргыз Каганат» курулуш компанияларына таандык.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, батирлер аталган компаниялар менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак жай департаментинин ортосундагы 2018-жылы түзүлгөн келишимге ылайык берилгени жатат. Келишимде турак жай курулган жер тилкелери Бишкектеги Ахунбаев, Некрасов жана Коперник көчөлөрүнүн кесилишинде экени белгиленген.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Турак жай департаменти батирлерди Мамлекеттик ипотека компаниясына «Менин үйүм — 2021-2026» долбоорун ишке ашыруу максатында берет. Мындан тышкары департаментке батирлердин баштапкы баасын чарчы метрине 49 000 сом деп бекитүү тапшырмасы берилди.

Бир ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте үй курууга жер тилкесин ижарага алган тарап шарттарды аткарбаганын, ага ылайык жалпы баасы 505 миллион сом, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана башка жайлар, андан тышкары 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылганын маалымдаган.

НАРМАТОВА “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ОТЛИЧНИГИ” БОЛДУ

Кыргызстанда чет элдик агент деген түшүнүктү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин алды. Депутаттын сыйлык алгандагы сүрөтүн Фейсбук социалдык тармагына Нуриля Исакулова аттуу колдонуучу жарыялаган.

Сыйлыкты Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тапшырган. Маалыматта белгилегендей, төш белги Нарматовага билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Билим берүү министрлиги бул сыйлык боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдары жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору коомчулукта катуу сынга алынып, кайчы кептерди жараткан.

Активисттер, укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп белгилеп келишет.

КӨЛБАЕВДИН УНААЛАРЫ САТУУГА КОЮЛДУ

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык автоунааларды электрондук аукционго койду. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалат.

Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg. электрондук соода аянтчасында жүргүзүлөт. Арыздар 20-ноябрь саат 10:00дөн тарта кабыл алына баштаган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабрь саат 10:00.

Аукционго коюлган эң кымбат унаалар 2021-жылкы BMW Alpina XB7 баштапкы баасы 18 миллион сом жана Mercedes-Benz S600 2017-жылы 25,5 миллион сомго коюлган.

Эске салсак,4-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүп, натыйжада Көлбаев жок кылынган.
9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

Количество просмотров: 131