• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров сын айткандарды Баткенге жиберет. Кыргыз-өзбек чек ара протоколуна кол коюлду

26 Аяк оона 2022 18:40 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АРИПОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Мамлекет башчысы жыйындын жыйынтыгы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча укуктук процессти эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында тез арада бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, ошондой эле визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ПРОТОКОЛУ

Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол коюшту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын тараткан маалыматка караганда, бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы Келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

ЧЕК АРАДА КОЛ КОЮЛГАН ПРОТОКОЛ

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды токтотуу жөнүндө протоколго Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов 25-сентябрда кол койду. УКМК төрагасы Ташиевдин айтымында, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алына турган болду.

КЕЛДИБЕКОВ АКТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков акталды. Мындай чечим үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган.

Белгиленгендей, “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталган Келдибеков күнөөсүз деп табылып, кылмыштардын курамынын жоктугунан акталды.

Эскерте кетсек, КР Жогорку сотунун 2021-жылы 18-августтагы токтому менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 12-ноябрдагы жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы 11-марттагы өкүмдөрү, андан тышкары КР Жогорку сотунун 2016-жылы 13-октябрдагы Ахматбек Келдибековго карата токтому жокко чыгарылган. Кылмыш иши Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

 ОРУСИЯДА МИГРАНТТАРДЫ СОГУШКА МАЖБУРЛАЙ АЛБАЙТ

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россия Федерациясындыгы жарым-жартылай мобизилацияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Кайрылууда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандардын тез арада чыгып кетүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтар таркалып жатканына байланыштуу элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА АТТАР ИЖАРАГА АЛЫНАТ

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмне себептен кыргыз улакчылар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз аттары менен барбаганынын себебин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалгыз гана “Муалем Авиейшн” компаниясы белгиленген шарттарда гана аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, аттар 2022-жылдын 27-сентябрында учуп, кайра Кыргызстанга 3-октябрда кайтып келмек. “Бирок, Түркия тарап көк бөрү көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч бергендиктен, аттарды кайра Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле кайра аттарды Кыргызстанга алып келүү мөөнөтү эки жумадан узак убакытка чейин созулган. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен, оюнга катышуу үчүн аттарды Түркиядан ижарага алуу чечими чыккан”, — деп айтылат маалыматта. Аталган авиакомпания Кыргызстандын 24 жана Казакстандын 15 атын Түркияга алып кетмек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Казакстан аттарды ижарага алышты. Оюнчул

Количество просмотров: 624