• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жапаров Өзбекстанга кетти. 18 жаштагы жоокердин өлүмү шек жаратууда

10 Жетинин айы 2022 19:48 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ӨЗБЕКСТАНГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Түрк мамлекеттеринин уюмунун тышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Маалымдалгандай, өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга Стратегиясын кабыл алышат.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бар.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН СОТУ

Бүгүн да Бишкек шаардык сотунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын кароо жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча соттук отурумдар уланды.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Улукбек Маматаев, Асия Сасыкбаева, Бектур Асановдор, Кубанычбек Кадыров, укук коргоочу Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчороев, Акыл Айтбаевдин иштерин карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

ИСАЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

Бул арада Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сот ишти жабык карады.  

Ал эми Исаевдин жакындары жана тарапташтары аны бошотууну талап кылып шаардык соттун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

АСКЕР КАЗА БОЛДУ

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду.  Аталган кызмат тараткан маалыматка ылайык, маркум жоокер дене табынын көтөрулшүнө жана тамагынын оорусуна даттанып, 9-ноябрда, саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна кайрылган. Натыйжада санитардык бөлүккө жаткырылган.

«Саат 15:00 чамасында жоокердин абалы кескин начарлап, кан кускан. «Тез жардам» бригадасы чакыртылып, дарыгерлер келгенде анын каза болгонун аныкташкан», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталган.

Ал эми жоокердин жакындары анын денесинде ур-токмоктун издери бар экенин, ден соолугунда эч кандай көйгөй болбогонун маалымат каражаттарына билдиришкен.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ӨЧҮРҮЛӨТ

Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы кечээ кечиде жана бүгүн эртең менен да өчүрүлгөнү кабарланды. Соцтармак колдонуучулары үйлөрүндө электр жарыгы эч кандай алдын ала кабар берүүсүз эле өчүрүлгөнүн айтышып, кышка карата чектөөлөр кирүүдөбү же электр зымдары кубаттуулукту көтөрө албай жатабы деген суроо салышууда.

Бул маселе боюнча Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы маалымат берип, электр жарыгы авариялык абалды алдын алуу максатында өчүрүлгөнүн кабарлаган.

Ал эми “Кабар” агенттигине маалымат жыйын курулуп, анда “Электр станциялары” ишканасынын директору Токтогул ГЭСиндеги №2 гидроагрегатты ишке киргизүүгө байланыштуу электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүгү болорун билдирди. Айдаралиевдин айтымында, 10-11-ноябрда маал маалы менен бир нече саатка электр жарыгы өчүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 204