• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров жаңы өкмөт үйүнө ат коюуга көмөк сурайт. Абактагы Мадумаровдун абалы айтылды

10 Тогуздун айы 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЖАҢЫ ӨКМӨТ ҮЙҮНӨ АТ ТАНДООНУ СУНУШТАДЫ

Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жапаров элден имаратка ат коюуга жардам сурап, төмөндөгулөрдү белгилеген.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик Администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер»,-деди Жапаров.

Эске салсак, президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна 2022-жылдын апрель айында капсула салынган. Жаңы салынып жаткан имараттын аянты 21 миң чарчы метрди түзөт.

КАМАКТАГЫ МАДУМАРОВДУН ЖАКТООЧУЛАРЫ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда өткөн маалымат жыйында Мадумаровдун жактоочусу Ольга Жукова билдирди.

Мындан сырткары ал 15 томдон турган иштин материалдары менен толук кандуу таанышууга тергөөчү уруксат бербегенин кошумчалады.

Дагы бир жактоочу Кубанычбек Туманов Мадумаровдун ден соолугу боюнча маалымат берди.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

УКМК “МАДИНАНЫН” ЭЭСИ ТУУРАЛУУ ҮН КАТТЫ

УКМК «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун кармалышы боюнча үн катты. Маалыматка караганда, 4-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 267-берененин 2-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттары (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда кылмыштуу топко кирген 20дан ашык адам кармалган. Алардын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана анын кол алдындагы адамдар тарабынан опузалооо жана рейдерлик басып алуу жолу менен табылган байлыгын адалдаштырууга катыштыгы болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган ишке Турсунтай Салимовдун да катыштыгы бар болгон. Ал мурдагы жана учурдагы кримтөбөлдөр менен тыгыз байланышта болуп, каржылык жактан колдоо көрсөтүп турган.

«Салимов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылып, «общакка», кылмыш жообунан качуу үчүн укук коргоо органдарындагы жана мамлекеттик кызматтагы коррупциялашкан кызмат адамдарды, сотторду «сатып алуу» үчүн акча берип турган. Ошондой эле Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы абакта отурган адамдарга «грев» жөнөтүп турган. Турсунтай Салимов «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев жана анын кылмыштуу байланыштарын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, алар аркылуу өзүнүн бизнестеги атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп, кысым көрсөткөн. Ошондой эле ал аталган жол менен башка адамдардын активдерин жана бизнес долбоорлорун тартып алган болушу мүмкүн»,-деп жазылат маалыматта.

9-октябрь күнү Салимов Биринчи май райондук соттун чечими менен 4-декабрга чейин камакка алынганы кошумчаланды.

ОШТО УКТ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

«УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү жана Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон 2000-жылы туулган жаран жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган жаран кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, кримтөбөл Кадыр Досонов атайын видеокайрылуу жасап, Кыргызстандын мыйзамдары менен жашап келатканын, буга чейинки кылмыштары үчүн жооп бергенин, учурда эч кандай криминалдык макамы жок экенин билдирген.

Количество просмотров: 437