• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жер басып алгандарга жаза күчөдү. Караколдо жол салууда миллион кымырылган

13 Теке 2023 19:02 Бишкек Govori.TV

ЖЕР БАСЫП АЛГАНДАРГА ЖАЗА КҮЧӨДҮ

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган. Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине жана КР Укук бузуулар жөнүндө кодесине жазапулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайларын караган укук бузуулар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда Министрлер кабинетине: жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.

КАЙРА ШАЙЛОО: ТАЛАПКЕРДЕН АРЫЗ ТҮШТҮ

БШКга кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген алгачкы арыз келип түштү. Боршайком тараткан маалыматка ылайык, Эртай Исаков арыз менен кайрылган.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августунда аяктайт.

Буга чейин Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгашалардын сметасын жалпы 13 млн  208 миң сом суммасында бекитти. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 10-сентябрда өтөт. 

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

ЕВРОПАРЛАМЕНТ КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция добушка коюлду. Жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы аны колдоду.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун — “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

“Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин бузулушу катары айыптады.

Андан тышкары Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынышына өкүнүчүн, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кесиптик ишмердигин аркалаганы үчүн кыргыз жарандыгынан чыгарылып, Орусияга депортация болгонуна тынчсыздануу билдирген. Темировго коюлган айыптарды алууга, анын жарандыгын калыбына келтирүүгө үндөгөн.

Кемпир-Абад ишинин алкагында айыпталган укук коргоочу аялдар Гүлнара Журабаевага, Клара Сооронкуловага, Рита Карасартовага жана Асия Сасыкбаеваге коюлган айыптарды тезинен артка кайтарууга чакырды.

ЖОЛ САЛУУДА МИЛЛИОН КЫМЫРЫЛГАН

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 млн 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалагандыгы аныкталган. Аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп калган.

Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

АЙЗАДАНЫН ӨЛҮМҮ: СОТТУК ОТУРУМ БАШТАЛДЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер башкармалыгынын экс-жетекчиси Бакыт Матмусаевдин үстүнөн соттук отурум башталды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, мурдагы милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Сотко келген эки күбө суралды. Кийинки отурум 25-июлга белгиленди»,- деп билдирди Токтакунов.

Эске салсак, Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Эки күндөн кийин ал жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине «шалаакылык» деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган.

Количество просмотров: 122