• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Көп кабаттуу үйдөгү өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды

3 Баш оона 2022 8:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлгөндүгүн ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

«Борбор калаабыздын чок ортосунда салынып жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан тилсиз жоо менен күрөшүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 97