Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде Ы.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 10 жаштагы кызы дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Арыз ээсинин айтымына караганда, өспүрүм кыз Чүй проспектиси менен Павлов көчөрүнүн кесилишинде маршруткага түшкөн боюнча дайынсыз кеткен.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында өспүрүм Бишкектин аймагынан бир нече сааттын ичинде табылып, энесине аман-эсен тапшырылган.