• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек шаардык сот Аспековдун өкүмүн өзгөрттү

6 Теке 2022 11:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөрттү. Бул туууралуу 6-июлда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын 5-июлундагы өкүмү менен Аспеков М.А.га карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2022-жылдын 23-мартындагы өкүмү өзгөрдү.

«Аспеков М.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты (2017-ж. редакциясына ылайык) жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза өтөөсүз күнөөлүү деп табылган. Райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун ошол берененин 3-бөлүгү жана 77-берененин 2-бөлүгү боюнча айыптуу экенин моюнуна алган көрсөтмөсү жана аны алты жылга эркинен ажыратуу чарасы жокко чыгарылды. Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Количество просмотров: 229