• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Көптөн бери көрүнбөй калган Асылбек Жээнбеков депутаттардын жыйынына келди

9 Бештин айы 202015:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жалпы жыйынга келди. Белгилей кетсек ал 5-6-октябрдагы башаламандыкта бийлик алмашкандан бери көрүнө элек болчу.

Эске салсак, бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырды. Бул мыйзам долбооруна Жээнбеков колодоочу добуш берүү менен көпчүлүккө кошулду.

Ал эми долбоорго депутаттар Текебаев, Момбеков, Бекешев, Никитенко «каршы» добуш берди.

Количество просмотров: 484