25-ноябрда Кыргызстандын эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучулардын жалпы жыйыны болуп, анда спорттук күрөш боюнча түрлөрүнүн улуттук курама командасына башкы жана улук машыктыруучулардын талапкерлиги сунушталып, жактырылды.
Белгилүү болгондой, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп Азат Мирахимов тандалды. Мирахимов бул кызматка 2012-жылдын декабрында дайындалган Руслан Мажиновдун ордуна келди. Кураманын улук машыктыруучусу кызматына Эламан Догдурбек уулу көрсөтүлдү.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу болуп Нурбек Изабеков кайрадан тандалды. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери аркалап келет. Ал эми Байгазы Кенжебаевдин ордуна Нурдин Дөңбаев улук машыктыруучу болду.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасына Уран Калилов башкы машыктыруучу болду. Буга чейин бул кызматты 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Азат Эркимбаев аркалап келген. Ал эми улук машыктыруучу болуп Азат Бейшебеков тандалды.
Белгиленгендей, эми алдыда тийиштүү документтер жана квалификациялык талаптар каралып, машыктыруучулар расмий түрдө бекитилет.