• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар изделүүдө

14 Үчтүн айы 201910:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тергөө тобун түзүп, иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

«Бул факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыр бул факты боюнча бардыгы катталып, тийиштүү кызматтарга муну кылган адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча тергөө тапшырылган», -деди Усубакунов.

Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер талкаланганы 12-январда белгилүү болгон. Аларды 11-январдын кечинде белгисиз кишилер бузуп, сындырып кеткени айтылган. Жалпысынан православ мүрзөсүндө 91 эстелик талкаланып азыркы мезгилде аны оңдөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 57