• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

К. Ташиев: Бабанов экөөбүз эки ажырым жолго түшкөн эмеспиз

9 Чын куран 201911:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.

Бабанов экөөбүз эки ажырым жолго түшкөн эмеспиз. Мындай пикирин Камчыбек Ташиев бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Биз Өмүрбек Бабанов менен эки ажырымга түшкөн эмеспиз. Партияны түзгөнбүз, ал ошол бойдон турат. Эгерде биздин саясий кызыкчылыктарыбыз болсо кайрадан эле ошол партия менен кеткенге мумкүнчүлүгүбүз бар»,- деди Ташиев.

Эске салсак, төрт жыл мурун эки саясатчы биригип, парламенттик шайлоого чогуу барышкан.  Президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев катуу өкүнүп, Бабановго алданып калганын айтып  чыккан эле.

Количество просмотров: 16