• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

К. Ташиев: “Революция кылам дешсе күлүн асманга сапырып жиберебиз”

19 Теке 2022 23:54 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда «Саясат» маалымат каражатына маек берип, анда «Бириккен демократиялык кыймылдын» Таластагы жыйынына байланыштуу пикирин билдирди.

“Күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген дежур сөз. Кресло жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөө жазда, бирөө 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн — кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз», — деген Ташиев акыркы шайлоолор таза өткөнүн, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки баласы тең депутат болуп шайланганын кошумчалаган.

Мындан тышкары ал Канат Исаев «оппозициянын лидери болуш үчүн бышып жетиле элек» деп билдирген.

«Бириккен демократиялык кыймыл» өткөн аптанын аягында 16-17-июлда Талас облусунда жыйналып, Апрель баатырларына куран окутуп, эл менен жолукканын билдирген. Ага Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Канат Исаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Рыскелди Момбеков баштаган бир катар саясатчылар катышкан.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 1583