• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күзүндө өлкөгө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келет

6 Баш оона 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

COVAX механизминин алкагында 2021- жылдын сентябь айынын аягында Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө келери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендигин коронавируска каршы Республикалык штаб маалымдады.

«2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши маселеси каралууда. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен келечектеги вакциналарды алуу боюнча ишти улантуудабыз», — деп билдирген Бакашова.

Теги:
Количество просмотров: 114