Көздөрү өткөн журналисттерге куран окутулду

69

Бишкек.07.11.2018.Govori.TV.

Бүгүнкү “Басма сөз жана маалымат” күнүнүн алкагында “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюмунун негиздөөчүлөрү Элнура Кулуева, Сайрагүл Дуулатова, Дана Абдыбекова, жарандык активист Аманбол Бабакуловдун аракети менен кыргыз журналистикасында эгемендүүлүк жылдардында эмгектенип көздөрү өткөн журналисттерге фото-галерея уюштурулуп, куран окутулду.

Мындай демилгелүү иш чара Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулгандыгын иш чаранын катышуучулары белгилешти.

Фото-галереяга маркум журналисттердин жакындары, кесиптештери, саясатчылар, кыргыз Өкмөтүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, маркумдарды эскеришти. Фото-галерея Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин жамаатына өткөрүлүп берилди. Уюштуруучулардын маалыматына караганда кыргыз журналистикасында эмгектенип, көзү өткөн кесиптештерди эскерүү күнү тууралуу документалдуу фильм тартылып, атайын эскерүү китеби жарык көрмөкчү. Учурда алар тууралуу маалыматтар дагы такталып, кошумчаланууда.