• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Кабарым жок» деген Нарматова Швейцарияга кетти

28 Жетинин айы 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

27 — ноябрда Женева шаарында «Туруктуу жана ыңгайлуу улуттук статистикалык система» долбоорунун алкагында БУУнун колдоосу менен «Жакырчылыктын гармониялык статистикасын ар тараптуу өлчөө, аныктоо, өнүктүрүү, көрсөткүчтөрүн белгилөө» аталышындагы эл аралык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөлөрү Надира Нарматова, Шарапаткан Мажитова жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева катышып жатканы жазылган.

Буга чейин парламент мүчөлөрүнүн курамынан турган расмий делегация Швейцарияга барат деген маалымат тарап, эл өкүлдөрүнүн арасында «чет элдик өкүл” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Надира Нарматова дагы бар экени айтылган.

Эл өкүлү бул боюнча кабары жок экенин айткан эле.

«Бул маселе боюнча менин кабарым жок экен»,-деген депутат Нарматова.

Белгилей кетсек, Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорунун автору. Документ былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн мыйзамга дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Юристтер “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтый турганын айтып чыгышкан.

Ал эми Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Буга чейин медиа коомчулук менен жарандык коомдун өкүлдөрү Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер – Швейцария менен Улуу Британиянын элчиликтерине кайрылуу жолдоп, аталган мыйзамдын авторлоруна виза бербөө өтүнүчүн келтиришкен. Депутат Нарматова Жогорку Кеңештин жыйынында мындай өтүнүч менен кайрылгандардын өздүгүн тактоо боюнча УКМКга протоколдук тапшырма берүүнү сунуштаган.

Количество просмотров: 354