• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кабул университетинин жанындагы жарылуудан кеминде сегиз киши каза болду

19 Теке 201913:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.09.2019. Govori.TV

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-июлда Кабул университетинин жанындагы жарылуудан кеминде сегиз киши өлгөнүн билдирди.

Дарыгер Вахидулла Майар кабарлагандай, дагы 33 киши жараат алган. Жарылуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек, бул жанкечтинин чабуулубу же бомба алыстан туруп башкарылганбы, азырынча белгисиз.

Кабул полициясынын башчысы Фердоус Фарамарц жарылуудан кийин эки машине күйүп кеткенин маалымдады.

18-июлда Кандагар шаарында да Талибандын согушкерлеринин кол салуусунан 12 киши өлүп, 90 адам жараат алган. Зордук-зомбулуктар Кошмо Штаттар баштаган эл аралык коомчулуктун Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу аракеттерине карабастан уланууда.

Булак: Азаттык.


Количество просмотров: 11