• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Качып кетүүгө аракет кылган. Ошто өз атасын өлтүргөнгө шектүү кармалды

16 Баш оона 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында өз атасын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Амир-Темир милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү 1982-жылы туулган Х.А. кармалды.

«Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, шектүү 14-август күнү аталган кичи районунда үйүндө (атасы менен бир короодо жашаган) өз атасы А.Хамидов менен чырдаша кетип, аш бычак менен атасын көкүрөк тушуна жана колдоруна бир нече жолу сайып жиберген. Алган жараттарынан улам атасы 68 жаштагы А.Хамидов өз үйүндө каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү уулун кылмыштын изи сууй электе, өзүнө таандык документтерин алып, таксиге отуруп окуя болгон жерден кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармады.

Учурда аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 148