• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кадамжайда 2 жаштагы кызын сабаган келин 1 айга камалды

1 Бирдин айы 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда 2 жаштагы кызын сабаган келин 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогоркус соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун 2023-жылдын 1-февралдагы токтому менен КР КЖК 138- беренесинин 2 бөлүгү менен айыпталган Ш.М. бөгөт коюу чарасы бир айлык мөөнөткө, тактап айтканда 1-мартка чейин камакка алуу түрү тандалды.

Эске салсак, Баткенде эки жашар кызын сабаган келин Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан. Окуя 5-январда болгон. Анда келин өзүнүн кызын уруп, видеону жолдошуна WhatsApp тиркемеси аркылуу жиберген.

Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Кадамжай районунда апасы сабаган кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылган.

Количество просмотров: 642