• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көп кабаттуу үйдүн балконунан аял кулап каза болгон. Шектүүлөр 2 айга камалды

27 Тогуздун айы 202517:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу кармалган чет өлкөлүк эки жаран 24-декабрга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуя 24-октябрда шаардагы Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирде чет элдик үч жаран (1988-жылы туулган В.Ю, 1987-жылы туулган В.Т. жана 1988-жылы туулган Т.А.) болгон. Үчөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам Т.А. балкондон кулап кеткен. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, В.Ю. менен В.Т. кармалган.

Количество просмотров: 176