• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Кадамжайда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

6 Теке 202217:43 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облус аймагында «МАК — 2022» иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп, жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып барууда.

«Кадамжай шаарынын Каңды, Үч-Коргон айылынын Боз аймагындагы талаа жана үлүш жерлерде жапайы өскөн 4,5 тоннага жакын кара куудай жок кылынды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 190