• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жайыл районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

17 Теке 202515:01 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Күн мурун райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кара-Куурай» иш-чарасы өткөрүлдү. Анда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында иш алып барышты.

Иш-чаранын алкагында райондун аймагындагы кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүштү.

Количество просмотров: 121