• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Кадамжайда ажыдан келгендерди көчөгө килемдерди төшөп тосуп алышты

7 Аяк оона 201816:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV.
Кечээ, 6-сентябрда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнөн ажылык сапарга кеткен 21 адам кайтып келди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар чогуу бир жерде — Бостон айылындагы чайканада ажы той өткөрүштү. Муну менен бир топ каражат үнөмдөлгөн. Мындай демилге 2016-жылы өткөн курултайда көтөрүлүп, салтка айланып бара жаткан ашыкча көрүнүштөрдү кыскартуу боюнча жобо кабыл алынган болчу.

Ал эми тойго келген адамдар ажылар келе жаткан жолго килемдерди төшөп тосуп алышты. Бул көрүнүш «биз дагы силерге окшоп ажыга баралы» деген мааниде жасалат.

Буга чейин ажыга барып келген адамдар ар бири өз алдынча ажы той уюштуруп, бир топ чыгым короткон.

Булак: turmush.kg

 

Количество просмотров: 90