• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кадамжайда эки өспүрүм акча уурдоого шектелип, кармалды

10 Бирдин айы 2022 13:11 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда өспүрүмдөр үйгө кирип, андагы 100 миң сом акчаны уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кадамжай районунун 42 жаштагы Ы.А. аттуу тургуну 1-февраль күнү жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз адамдар кирип, шкафтын ичинде турган 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Кадамжай районунун аймагында өткөн “Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 15 жаштагы жана 12 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалып, тергөөгө алынып келинген.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 116