• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кадамжайда мыйзамсыз миграция уюштурган 2 жаран кармалды

7 Баш оона 2023 13:02 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда чек арадан мыйзамсыз өткөн жана мыйзамсыз миграция уюштурган чет өлкөлүн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжайда Өзбекстандын 36 жаштагы И.Г. аттуу жараны мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, нан бышыруучу жайда эмгектенип жаткандыгы аныкталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин алкагында аталган жаранды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып келип, мыйзамсыз иштетип жаткан Өзбекстандын башка жараны 39 жаштагы У.О. экендиги аныкталып, Кадамжай РИИБдин КБРне КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 73