Бүгүн, 21-май саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Алдын ала маалыматка ылайык, “Чечме” өткөрүү постунда КамАЗ оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган унааларды сүзгөн. Жабыркагандар жана унаалардын үлгүлөрү такталууда.
Учурда ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаалардын ичинен алып чыгууда.
Кошумча маалымат берилет.