• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кадамжайда жаш келин уксус ичип каза тапты

1 Жетинин айы 2018 8:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.11.2018.Govori.TV

Баткен облусунун тургуну аялын өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргени үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды.
Бул чечим КРнын Жогорку сотунун расмий сайтына жарыяланды.

Кадамжайдын Адолат аттуу тургуну жергиликтүү ооруканалардын бирине уксус ичкен себептүү оор абалда реанимация бөлүмүнө түшкөн. Абалы оор болгондуктан келин жеринен каза болгон.

Милиция маркумдун өзүнө кол салуусуна күйөөсү жеткиргенин аныктады. Иликтөөнүн жүрүшүндө аялды күйөөсү дайыма ур-токмокко алып, мазактап, үйдөн чыгарбай эркиндигин чектеп келгени айтылат. Күйөөсү тарабынан ага телефон колдонууга дагы тыю салынган. Бул чектөөлөргө чыдабаган келин уксус ичүүгө мажбур болгон.
Бирок маркумдун жолдошу Маджит коюлган күнөөлөрдү моюндаган эмес. Ал муну аялы өз ишин так аткарбай, кайненеси менен пикири келишпей, аны укпай өз билгенин
жасаганы менен түшүндүргөн.
Бирок, кыска кийинип, жоолук оронбогону ага жакпаганын моюнуна алган.

Жыйынтыгында маркумдун жолдошу 5 жылга эркинен ажыратылды.

Количество просмотров: 32