• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кадамжайлыктар медкызматкерлерге жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү

4 Баш оона 2020 9:52 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү . Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул кыямдар азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.

“Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургандары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медкызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет”, — деп билдирди “Кадамжай” жардам штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.

Координатор Айтмат Азамжан уулу Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөтүлө турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 51