• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды

3 Бештин айы 202010:21 Бишкек Govori.TV


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесиндеги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча каражаттары алынып турган туруктуу коррупциялык схеманы аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарайт.

Ыкчам изилдөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору «М.АТ» системалык негизде мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы аныкталган.

2-декабрда чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде “М.АТ.” кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесин Абдумуктар Маматов Темирбекович жетектейт.

Количество просмотров: 349