• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кадыр-баркты коргоо». Жээнбековдор Аспековду сотко беришти

26 Бугу 2021 12:50 Бишкек Govori.TV


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков «кадыр-баркты коргоо» арызы менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов билдирди.

«Бул иш сотко кечээ, 25-майда келип түштү. Азыр каттоого алып, соттук отурумдун күнүн белгилөө процедурасы жүрүп жатат. Ушул жуманын аягында чейин сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет. Жээнбековдор Мелис Аспековдун билдирүулөрү кадыр-баркына доо кеткенин билдиришип, аларды коргоо арызы менен кайрылышкан», — деп билдирди ал.

Жээнбековдор Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылышууда.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп бир нече факты келтирген.

Количество просмотров: 114