• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кадырбеков: «Сахаровада» текшерилген кыргыздардын көбүнөн оорулар чыгып жатыптыр

7 Бештин айы 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп Орусиядагы мигранттар тууралуу маселе көтөрдү. Ал «Сахарово» борборуна баргандардын көбүнөн венерологиялык дарт аныкталгандарды дарыланууга жөнөтүп жаткан клиника кымбат болуп жатканын билдирди жана кыргыз жарандарынын укугу бузулганы аныкталса бийликтен чукул арада чара көрүүнү өтүндү.

“Барып кароодон өткөндөрдун көбүнөн венерологиялык оорулар чыгып жатыптыр, 60дагы ападан да чыгыптыр. Ошолорду Ленин проспектиндеги бир гана клиникага жөнөтүп жатыптыр. “Биз иштейбиз, жаныбызда клиника бар, өзүбүз деле дарыланалы, дарыларын жазып бергиле” десе “Жок, ушул гана жерге келесиңер” деп жатыптыр. 18 миң рубль менен дарыланат экен. Бул жерде бир аз коррупция дейбизди, өзүлөрүнүн “бизнеси” дейбизби, биздин жарандардын эсебинен ушундай иш кылып жаткандай туюлууда”, — деди ал.

Количество просмотров: 317